Ага-ининин өлүмү. Канат Асановдун сөөгү 1,5 жылдан кийин табылды

Бишкектеги толук курулуп бүтө элек үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, куруучулар Садырбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн курулушун 2-июлда саат 11:00 чамасында улантып башташкан. Алар үйдүн ичиндеги эски тактайларды алып жатып, адамдын жансыз денесин табышкан. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган. Маркумдун аты-жөнү жакындары тарабынан 3-июлда аныкталган. Анын 2020-жылдын 9-январында Ынтымак конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Канат Асанов экендиги аныкталган.

2020-жылдын 11-январында туугандары Канат Асановдун дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматкерлерине кайрылган болчу. Аны издөө иштерине бир тууганы — 46 жаштагы Кубат Асанов да чыккан. Ал 15-январда бир тууганын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, сөөгү февралдын башында өлүкканада табылган.