«Агам — жалгыз бир тууганым. Адилеттүү карап беришин сурайм». Агасы карындашын коргоп, ок чыгарган окуя

Кечээ, 1-июлда карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенSUPERTV каргашалуу окуяда жапа чеккен Асел Жумакуловадан маек алды. Ал учурда Токмоктогу ооруканада жатат жана окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Агам — жалгыз бир тууганым. Адилеттүү карап беришин сурайм. Мен намысымды коргойм дедим, агам мени коргомокчу болду. Аялды зордуктап коюптур, өлтүрүп коюптур деген канчалаган окуялар болуп жатат. Кыздарга жана келиндерге айтарым, жалгыз болсоңор, жол тосуп унаага түшпөгүлө», — дейт жабырлануучу.