«Агып барып, бетонго кыпчылып калган». Кызыл-Кыяда көпүрөнүн астынан жансыз дене табылды

Кызыл-Кыяда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз дене Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү көпүрөнүн астынан табылган. Болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси суу менен агып келип бетонго кыпчылып калган. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.