«Ай сайын 15 миң сом бересиң». Опузалап акча талап кылууга эки шектүү кармалды

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул иш-чара УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү.

1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом төлөп турууну талап кылышканы аныкталды. Натыйжада 29-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалды. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.