«Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берген аял кармалды

«Айчүрөк» соода борборуна жардыруучу зат коюлду делген жана барымтага алынгандар тууралуу жалган билдирүү Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик акт жөнүндө  жалган билдирүү» беренеси боюнча каттоого алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй облусунун Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. 

«Жаран «Чынар» соода борборунун имаратынан «Нур Телеком» уюлдук компаниясынын сим-картасын сатып алган жана «Айчүрөк» соода борборуна жардыруучу зат коюлгандыгы жана барымтага алынгандар тууралуу маалымат берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыштын себеби бул борбордо соода аянтчасын ижарага алган мурунку жубайы менен болгон чыр», — деп билдиришти УКМКдан.

Басма сөз кызмат республиканын айрым жарандарынын мындай жоопкерчиликсиз жана ойлонулбаган аракеттери коопсуздук жана укук коргоо органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын түздөн-түз функционалдык милдеттеринен алыстатууга алып келерин белгиледи.