Айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден мектеп окуучусун сүзүп кеткен видео тарады

Тойота Сиенна үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Окуянын видеосу соцтармактарга тарады.

Кырсык 4-майда Новопавловка айылындагы Фрунзе көчөсүнүн Киров көчөсү менен кесилишинде болгон. Милиция маалымат бере элек.