«Айдоочу каза болуп, 6 адам ооруканага кайрылган». Бишкек-Ош жолунда чуңкурдан качкан унаа жол кырсыкка кабылды

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Суусамырда катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

«7-апрель күнү саат 15:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымынан Тойота-Альфард оң рулдуу унаасы бара жатып, алдын ала маалыматтар боюнча жолдогу аңдан качып, жолдун каршы тилкесине чыгып, Хонда-Степвагон  унаасын сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыктын кесептинен Хонда-Степвагон унаасынын айдоочусу көз жумган жана унаалардын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан 6 жаран Жайыл районун аймактык ооруканасына кайрылган. Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнүн тергөөчүсү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүүдө», — дешти.