«Айдоочу менен жүргүнчү көз жумду». Ысык-Көлдө айдоочу рулга ээ боло албай даракты сүзгөн

Кечээ, 16-август күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 24-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун 36 жаштагы тургуну Фольксваген-Пассат унаасы менен күн чыгыштан батышты карай бара жатып рулга ээ боло албай, жол боюндагы даракты сүзүп токтогон. Кесепетинен унаанын 76 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми айдоочу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 7 жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Жол кырсыгынын келип чыгышына унааны жогорку ылдамдыкта башкарганы себеп болгон. Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.