«Айдоочу ооруканада». Чүйдө жолду түтүн каптап, 3 унаа сүзүштү

Кечээ, 12-мартта саат 14:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт (айланма жол) унаа жолунун 44,600-чакырымында жол четиндеги куураган чөп өрттөнүп, түтүн каптап, жол көрүнбөй калган.

Анын кесепетинен Тойота RAV-4, КIA, Мерседес-Бенц унаалары сүзүшкөн. KIA үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган жаран Кант шаарынын ооруканасына жеткирилди.