Айдоочу самокат тээп бараткан баланы сүзүп кетти

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө айдоочу самокат тээп бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу патрулдук кызматтан билдиришти.

«27-май күнү саат 18:50 чамасында Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде электр самокатын тээп жөө өтмөктөн өтүп бараткан 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына токтотулган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда», — деп билдирет басма сөз кызматы.