«Айдоочу «учуп» кеткен». Автобус менен жеңил унаа сүзүшкөндөгү видео тарады

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктан 8 адам жабыркаган. Алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 адам жеңил унаада болгон.

Социалдык тармактарда кырсык болгон учурда тартылган видео тарады. Видеодон айдоочунун отурган жеринен сыртка «учуп» кеткенин болот.