Боомдо жол кырсыгы катталып, 38 жаштагы жаран көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 26-январда саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 126,100 чакырымында Хово үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа бара жатып, 1986-жылы туулган айдоочусу уктап кетип, рулга ээ боло албай, жол боюндагы тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган жүргүнчү каза болду.