«Айдоочу уктап кеткен». Боомдо жол кырсыгы катталып, 38 жаштагы жаран көз жумду (видео)

Боомдо жол кырсыгы катталып, 38 жаштагы жаран көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-январда саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 126,100 чакырымында Хово үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа бара жатып, 1986-жылы туулган айдоочусу уктап кетип, рулга ээ боло албай, жол боюндагы тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган жүргүнчү каза болду.