Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууда мыйзамсыз аракеттердин фактысы аныкталды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери теориялык экзамен тапшыруу учурунда мыйзамсыз аракеттердин фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Кечээ, 23-августта ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Чыгыш секторунун сынактык классында, теориялык сынак тапшыруу учурунда көйнөгүнүн ичине бекитилген мини-камера, кулакчын, электрондук кол саат жана уюлдук телефон колдонгон “ВСД” автомектебинин бүтүрүүчүсү кармалды. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.

«Урматтуу жарандар, жол эрежесин билүүгө сынак тапшырууда өз билимиңерге гана ишениңиз! Жол эрежелерин билбегендик сиздин жана жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч келтирет!» — деп жазылат маалыматта.