«Айфон 14 алып бербесең, сүрөтүңдү таратам». Ошто келин акча алып жаткан жеринен кармалды

Ош ШИИБге 25 жаштагы жаран арыз менен кайрылды. Ал «белгисиз аял сүрөттөрүмө намысыма, жүрүм-турумума шек келтирген сөз кошуп интернетке чыгарам» деп жатканын, телефон же анын акчасын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Ал аял эгерде «Айфон 14 про макс» үлгүсүндөгү телефонду алып берсе, интернетке чыгарбай тургандыгын айткан.

9-сентябрда шектүү жабырлануучудан 60 миӊ сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ал коңшу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган келин экендиги аныкталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.