Кызыл-Кыяда бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кызыл-Кыя шаарында 13-апрелде түнкү саат 01:35 чамасында белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган унаалардын терезелерин таш менен ургулап, абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну жол четинде токтотуп койгон унааларына таш тийип, зыянга учурагандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы бейбаштыкты уюштурганга шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, жактоочусунун катышуусунда сурак берип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.