«Айгай көтөрүлүп, шаар курчоого алынып». Кызыл-Кыяда түндө топтошкон балдар унаалардын айнегин чагып жүрүшкөн

Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде бир топ балдар бейбаштык кылып жүрүшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милицияга 13-апрель күнү түнкү саат 01:35 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Новая көчөсүндө белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып жүрүшкөндүгү боюнча кабар түшкөн. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги ыкчам тергөө тобу менен биргеликте аталган жайга барып, 60-70тей балдар колдоруна таяк кармап, таштар менен жол четине токтотуп койгон унаалардын терезелерин талкалап жаткандыгын байкашкан. Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар милиция кызматкерлеринин унааларына карата таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабырланган.

Милиция кызматкерлери балдардын бул кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан “Айгай” көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен.

Бир түн ичинде көчөдө жүргөн 14 өспүрүм кармалып, азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар же жоктугу такталып жатат. Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.