Айланма жолдо катталган кырсыкта 4 адам жаракат алды. Арасында наристелер бар

Айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 19-мартта саат 20:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (айланма жол ) 31-чакырымынан КСМ-6 кран үлгүсүндөгү унаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып түштүктөн түндүктү көздөй кайрылып жаткан Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыктын кесепетинин Дэу Нексия үлгүсүнүн 1995-жылы туулган айдоочусу жана 1998, 2020, 2022-жылы туулган жарандар Кант шаарынын ооруканасына кайрылган.