Айланма жолдо оодарылган унаалар. Каза болгондор жок

Кечээ, 30-ноябрда жергиликтүү ЖМКлар Токмокко жакын жерде бир нече унаа кырсыкка кабылганын жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, бир эле жерде бир нече унаа тайып, жолдун четине оодарылып кеткен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, кырсык катталганын, каза болгондор жок экенин билдиришкен. «Кыргызавтожол» ишканасы да окуя тууралуу маалымат беришип, жолдун тайгалак болгонун четке кагышты.

«30-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 57-бөлүгүндө бир нече жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгы болгон убакта, жол тайгагы жана жаан-чачын болгон эмес, абанын температурасы +2 градус болгон. “Кыргызавтожол” ишканасы №34 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси тарабынан жол текшерилген. Жол белгилери коюлган. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу жагдай болгон жерде изилдөө иш чаралары жүрдү. Алгачкы жыйынтыгы эртең билинет», — дешти.