Айланма жолдогу жол кырсыктан каза болгондордун саны 10 адамга жетти

1-сентябрда саат 15:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Субару Аутбек, 2 Мерседес-Бенц спринтер, Тойота-Камри жана Тойота-Вокси үлгүсүyдөгү 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкен.

Кырсыкка катуу бара жаткан Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтар боюнча Субару үлгүсүyдөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, унаа башкаруудан чыгып, каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгы ошондон башталган.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам көз жумуп, калгандары такталууда», — дешкен. Бүгүн, 3-сентябрда ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан каза болгондордун саны 10 адамга жеткенин тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, көз жумгандардын экөө 9 жана 1 жаштагы бөбөктөр болгон.