Бишкектин айланма жолундагы үрөй учурган кырсыктан жабыркагандардын бирөөсү көз жумду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында болгон жол кырсыктан жабыркагандардын бири каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Текшерүүдөн кийин жол кырсыгынан жабыркаган сегиз адамдын экөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, дагы жаракат алган алты адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды. Алардын үчөөнүн абалы оор, реанимацияда. Ооруканага жаткырылгандардын бири, 40-45 жаштар чамасындагы аял каза болду», — деп билдиришти министрликтен.

Бүгүн, 28-майда Чүй облусунун Степное айылында жол кырсыгы катталган. Анда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан озуп өтүүгө аракет кылып, аны жөөлөп алган. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен бетме-бет кагышкан.