Бишкектин айланма жолундагы жүк ташуучу унаа оодарылып калган кырсыктын чоо-жайы

Бишкектин айланма жолундагы жол кырсыгы 3 унаанын катышуусунда болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсык Чүй облусунун Степное айылында катталган. Башкармалыктын алдын ала маалыматы боюнча, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан озуп өтүүгө аракет кылып, аны жөөлөп алган. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен бетме-бет кагышкан. Жол кырсыктан 5 киши ар кандай жаракат алышты. Каза болгондор катталган эмес. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кырсыкта Тойота Гайя жеңил унаасы жана КамАЗ оор жүк ташуучу сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылган.