Айланма жолдогу үрөй учурган жол кырсыктан 5 адам каза болгону айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Канттагы жол кырсыгында жабыркагандар тууралуу маалымат берди.

Спутник жазгандай, төрт адам мүрт кетип, бешинчиси ооруканада каза болгон. Жабыркагандардын саны 13кө жетти. Алардын төртөө ооруканага жаткырылды, бирөөнүн абалы оор экени айтылды.

Бүгүн, 26-январда Кант шаарынын аймагындагы Айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, сүрөт, видеолор менен бөлүшүштү. Маалыматка караганда, каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

«26-январь саат 10:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 38-чакырымынан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, каршы тилкедеги Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусунун алдына чыга калып, жол кырсыкка учураган.

Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу жана Чүй облусун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынан жаркат алгандардын саны такталууда», — дешкен милициядан.