Айлыгын ала албай жаткан чет элдиктердин маселеси чечилди

Борбордогу тигүү цехинде иштеген чет элдиктердин эмгек акылары берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Шаардагы тигүү цехтеринин биринде иштеген чет өлкөлүк жарандар интернет тармактарга видеокайрылуу таратып, анда айлык акы кечиктирилип жатканы, паспорттору алынганы жана иш берүүчүнүн туура эмес мамилеси тууралуу билдиришкен.

“Бул факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында окуяга тиешеси бар бардык жарандарды аныктап, жагдайды тактоо үчүн аларды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Териштирүү учурунда тараптар өз ара түшүнүшүүгө келишти. Азыркы тапта жаңжал толугу менен чечилип, алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында тараптардын аракеттерине укуктук  баа берилет”, — деп жазылат маалыматта.