«Айлыгымды бербей жаткан». Ошто Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды

Ош шаарында Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында Кытайдын 1978-жылы туулган жараны киши колдуу болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытай Республикасынын 1980-жылы туулган жараны кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген.

«Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат. Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча ошол жерде жашашкан маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралышты. Кылмышка шектүү камакка алынды», — дешти.