Аймактар аралык кастыкты козгоого шектүү кармалды (видео)

Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан TikTok социалдык тармагындагы баракчасына Кыргыз Республикасынын облустарынын биринен келген жарандардын дарегине уят жана кемсинткен сөздөрдү камтыган видеону жана билдирүүлөрдү ачыкка чыгарган Ала-Бука районунун тургуну кармалды.

Ал өз сөзүндө конкреттүү региондун жашоочуларынын кадыр-баркын кемсинткен орой сөздөрдү жана риториканы колдонгон, бул өлкөбүздүн аймактар ​​аралык маселелерге байланыштуу белгилүү бир сезимталдыгын эске алуу менен чыр-чатакты жаратышы мүмкүн.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде (расалык, этностук, улуттук же регион аралык кастыкты (араздашууну) козгоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.