«Аймакты жакшыртууга бөлүнгөн каражатты үгүт иштерине берген». УКМК акимди кармады

Бишкек мэриясынын райондук администрация башчыларынын бири бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, муниципалдык администрация башчыларынын бири Чынасыл Чыныбаев Бишкектин аймактарын жакшыртууга бөлүнгөн каражатты депутаттыкка талапкерлердин биринин үгүт иштерине мыйзамсыз бөлүп берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) менен иш козголду. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.