«Айнек бөтөлкө менен бир нече жолу башка чапкан». Орусияда кассир болуп иштеген кызга кол салуу болгон

8-августутта Санкт-Петербург шаарындагы Софьи Ковалевской 13/1 көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө кассир болуп иштеген  Кыргыз Республикасынын  1993-жылы туулган жаранына кассадагы акчаны алып кетүү максатында каракчылык кол салуу болуп, аны кол салган адам бир нече жолу айнек бөтөлкө менен башка чапкан. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу көк ала болуп, башынан жаракат алган, бирок бөтөлкө сынган эмес.

Окуяга күбө болгондор тарабынан кайрылуу келип түшөрү менен Калинин районунун полициясынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери дароо эле кылмышкерди таап, кармап келишкен, ал мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы жаран болуп чыккан.

Учурда, күнөөлүүлөр кармалып, Калинин районунун укук коргоо органдары тарабынан РФнын Кылмыш кодексинин 162-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт –Петербург шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турары айтылды.