ЭЛТР телеканалы сөөгү Боом капчыгайына ташталган Айсулууну өлтүрдү деген шектүү 11 жыл мурун муунтуп өлтүрүлгөн Камила Дүйшөбаеваны өлтүргөнүн мойнуна алган видеону жарыялады.
Анда шектүү «мен аны унаадан алып чыгып, ыргытып жибердим» дегенин угууга болот. ИИМ шектүүнүн жубайы жана апасы менен жолуктуруп, буга чейин кылган кылмыштарын айттырган. Ошол жерде апасы Камила Дүйшөбаева тууралуу сураганда, ал кылмышты кылганын да моюндап, «Такси катары унаага отурган. Чөнтөгүндө кагазга оролгон бир пачка акча бар болчу» деген. Апасы «акчаны эмне кылдың эле?» дегенде «майда-чүйдөгө коротком» деп жооп берген.