«Айт айт десе» жана «Temirov Live» долбоорундагы тинтүү: ИИМ 9 жаран Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди

30-декабрда интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда, «Айт айт десе» жана «Temirov Live» интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылган. Аталган факты катталып, Тергөө кызматы тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

12-январь күнү дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, «Айт айт десе» жана «Temirov Live» аянтчаларында жарыяланган маалыматтарда массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган белгилери бар деп аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 16-январында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тергөөнү кызыктырган маалыматтарды камтыган 162 буюм алынган.

ИИМдин Тергөө кызматына 1994-жылы туулган А.Т., 2001-жылы туулган Б.А., 1997-жылы туулган И.А., 1972-жылы туулган С.С., 1993-жылы туулган Б.Ж., 1994-жылы туулган К.М., 1990-жылы туулган А.С., 1992-жылы туулган Т.М., 1991-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар жеткирилген. Учурда алар менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.