Айтматов районунундагы үрөй учурган үч адамды өлтүрүү. Кылмыштын чоо-жайы айтылды

23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Бул өзгөчө оор кылмыш орун алган жерге, ички иштер органынын ыкчам-тергөө тобу барып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлгөн учурда төмөндөгүлөр аныкталганын билдиришти. Шектүү жаран Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. экендиги аныкталган.

Окуянын жагдайлары төмөндө чагылдырылат: Өз убагында бир туугандар К.Н. жана К.М. ортосунда мүлк талашып, чыр болгон. Бул чырдын натыйжасында, 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.М.ге бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок көздөгөн аракети ишке ашпай калган. Бул факты боюнча ошол эле жылдын март айында 1976-жылы туулган К.Н. Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын март айында 1976-жылы туулган К.Н. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгып, пробациялык көзөмөл Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

2024-жылдын 23-май күнү саат 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Үйүндө иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тараптка изин жашырып качып кеткен. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында зөөкүрлүк менен үч адамды өлтүргөн К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.