Айтматов районунундагы үрөй учурган үч адамды өлтүрүү. Шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Айтматов районунундагы үрөй учурган үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Шектүү тоо-таштын аралап качууга аракет кылып, анын кайда жүргөндүгү аныкталган. Бирок кармоо учурунда өлтүрүлдү. Айрым маалыматтарга караганда, ал маркум келиндин кайнагасы болгон.

Буга чейин милициядан 24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келиндин жана анын эки кичинекей баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылганы маалымдалган. Шектүү аныкталып, Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. изделип жаткан.