Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынгандыгы маалымдалды.

Келин былтыр классташ баласына турмушка чыгып, жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшкөн. Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, кызынын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат.