Бүгүн, 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
30-апрелден тартып УКМКнын тергөө камак жайына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталуучу, “Айыл Банк” ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы жайгаштырылган.
18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал ТКЖнын камерасында асынып алган абалда табылып, ага ТКЖнын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, «Тез жардам» кызматы чакырылган. Алар тарабынан жарандын каза болгондугу аныкталган. Ал санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. Жаран өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы анын өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес. УКМК ТКЖда жайгашкандан бери жарандын ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес, жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.
Мындан тышкары, жаран УКМК ТКЖда камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюуга эч кандай шыктары жана жөндөмдөрү, жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.