Айыл чарба министринин учурдагы жана мурдагы орун басарлары кармалды

УКМК тарабынан Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган жарандардын Кыргызстанда ата мекендик айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алышканы аныкталган. Кечээ, 26-октябрда УКМК тарабынан айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

М.И. деген инициалдарга айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Иличтин аты-жөнү туура келет. Ал эми И.А.С.Исаев Амангелди Сапарбекович болушу мүмкүн.