Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара алууга шектелип кармалышты

10-август күнү ИИМдин Тергөө кызматына жаран Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын жетекчилигине, ошондой эле Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жолу жана опузалоо менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатат деп, ошол себептен чара көрүп берүүнү суранып кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факты боюнча опузалап пара алуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 11-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкекте 4 миң доллар өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык Жер жана суу көзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы, Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалышты. Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.