Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана президенттин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлган.
УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган. 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен башкы адис кармалган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.