«Айылдашы көргөн». Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды

Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

19-сентябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аял киши асынып алган боюнча кабар келип түшкөн. Аталган факты катталып, териштирүү иштери башталган. Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө, 19-сентябрга караган түнү 1982-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну кородо асылып турган жеринен айылдашы көрүп, кабар берген.

Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери улантылууда.