Айып пул маселесин чечип берүү үчүн акча алып жаткан жеринен Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи кармалды

Электр энергиясына байланышкан айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн акча алып жаткан жеринен Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи А.Н.К. жергиликтүү тургундан электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Ал талап кылган акча каражаттын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган. Ал эми калган бөлүгүн мурда алган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 238-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда Каржы полициясы тарабынан тергөө иштери уланып жатат.