Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ички иштер министрлигинин Академиясынын студенти Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин кароону улантты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги адвокат Самат Матсаков билдиргенин жазды.
Анын айтымында, отурумда күбөлөр суралган. «Күбө катары Патрулдук милициянын кызматкери суракка алынды. Анын айтымында, ошол күнү ага жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жол кырсыгы тууралуу телефон чалышкан. Окуя болгон жерде күбө Тойота Эстима үлгүсүндөгү унааны жана андан алыс эмес жерде адамдын жансыз денесин көргөн. Башка күбөлөр “Коопсуз шаардын” камералары аркылуу унаанын номурун тактоого мүмкүн болгонун айтышты. Айыпталуучунун унаасы экенине негизги далил капоттогу чуңкур жер болгон», — деди Самат Матсаков.
9-январда Ички иштер министрлигинин Академиясынын 1998-жылы туулган курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган. Кийин Башкы прокуратура маалымат таратып, кылмышка шектүүнүн баласы кармалганын билдирген. Уулунун күнөөсүн атасы мойнуна алганы маалым болгон. 12-майда кылмышка шектелип анын уулу кармалган.