Уурдалып, кийин муунтулуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча сот бүрсүгүнү башталат

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген Замир Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Кылмыш иши боюнча сот 27-майга белгиленген. Сот отуруму ачык болот. Жактоочунун айтымында, милиция кызматкерлеринин кайдыгер мамилесинин айынан келтирилген зыян боюнча ачылган кылмыш ишин УКМК иликтейт. “Алдыдагы соттук отурумда  уурдоого катыштыгы бар 5 жарандын иши каралат. Бирок бул экиге бөлүнгөн иштер, коомчулук үчүн бир көрүнүш  катары каралат”, — деди адвокат.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, материалдар 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) жана 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган фактылар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген.