Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендердин дагы бири кармалды

Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендердин дагы бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1989-жылкы жаран учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө  иштери жүрүүдө.

5-апрель күнү Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 3 бала күчтөп унаага салып кетишкен. 7-апрелде кыз менен аны уурдоого шектелген жарандын жансыз денеси табылган. Ошо эле күнү кечинде кызды уурдап качууга жардам бергендердин бири 1992-жылы туулган жаран кармалган. 

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.