Айзада Канатбекованын апасы: «Сот адилеттүү чечим чыгарды, ыраазымын»

«Сот адилеттүү чечим чыгарды, ыраазымын. Беш бала боюнча сот чечип берди. Эми милиция кызматкерлерине киришебиз». Бул тууралуу уурдалып, кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы билдирди.

«Мен президент Садыр Жапаровго кайрылгам. Башкы прокуратура кызмат адамдары боюнча эмне иш алып барып жатат билбейбиз. Алтынчы айга кетти, бирок бизди чакыра элек. Бул баарына сабак болсун. Ала качып жатканда ойлонуш керек. Менимче, Айзададан кийин баарына сабак болот», — деди ал.

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованын уурдоого шектелгендерге сот өкүм чыгарды. Анда Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов — 7 жылга, Кубаныч Токон уулу, Замирбек Раманкулов — 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк кызды өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. Бүгүн дал ошол беш шектүүгө карата сот өкүмү чыкты.