Айзада Канатбекованын апасы: “Замирбек маньяк сыяктуу болчу. Биринчи көргөндө эле мага жаккан эмес”

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча соттук отуруму болуп өтүү.

Сот залында маркум Айзаданын апасы Назгүл Шакенова сөз сүйлөдү. Анын айтымында, кызы үчүн тынчсызданып милиция кызматкерлерине кайрылганда, алар көңүл кош мамиле жасап, 27 жаштагы кыздын турмушка чыга турган убагы келгенин билдиришкен. Андан сырткары, Назгүл Шакенова кызын өлтүрүүгө шектелип, андан кийин өз жанына кол салган Замирбек Теңизбаевди биринчи көргөндө эле жактырбаганын, анын кебетеси маньяк сыяктуу көрүнгөнүн кошумчалады.