Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Бишкек ШИИБдин мурдагы жетекчисинин соту башталды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин үстүнөн соттук отурум башталды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мурдагы милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. «Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Эки күбө суракка алынды. Кийинки отурум 25-июлда болот», — деп жазган адвокат.

Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Адам уурдоого шектелип 5 жаран кармалган жана ал жарандарга карата сот өкүмү чыккан. Үч айыпталуучу 7 жылга, эки айыпталуучу 6 жарым жылга эркинен ажыратылган. Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.