Айзаданы өлтүрүп, өзүнө кол салган жигиттин сөөгү эртең жерге берилет

Айзаданы ала качып кетип өлтүрдү делген Замирбек Теңизбаев эртең, 10-апрелде Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жерге берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, анын ата-энеси Жаңы-Турмуш айылында 2 бөлмөлүү үйдө жашашкан. Ата-энеси 1990-жылдан кийин эле ажырашып кеткен. Жубайлар ажырашып кеткенден кийин апасы 2 уул, 1 кыз менен 2 бөлмөлүү үйдө кыйналып жашап, кийин 1995-жылдары көчүп кетишкен. Апасы оорукчан болуп калган.

«Сөөктү апасынын туугандары алып келе жатышат деп айтышууда. Атасынын туугандары Россияда. Баланын апасы Жошолунун Кара-Токту деген айылынан болот», — деди алар.

Маркум З.Теңизбаев кээ бир учурда айылга келип, классташтары менен жолугуп турчу. Жаңы-Турмуш айылынын башчысы Кадырбек Калыков анын сөөгү Бишкектеги өлүк сактоочу жайда экенин, документтери туура эмес болуп, бүгүн, 9-апрелде Жаңы-Турмуш айылына алып келинбей калганын айтты.

«Бүгүн жай казылып даярдалган. Эртең, 10-апрелде жерге берилет. Менин оюмча бүгүн жерге бергенге үлгүрбөйт. Жайды даярдап койдук. Эртең жерге берилет болуш керек. Негизи ата-энесин тааныйт элем. Алар ушул 1990-жылдын ары жак, бери жагында көчүп кетишкен. Алар ошол жакка барып, ажырашып кетишкен деп уктум. Бул жакта жашаганда эл менен бирдей эле жашашчу. Эми бул окуя күтүүсүз болду. Кантип мындай болуп калды деп ойлодук», — деди Калыков.