Айзаданы уурдоого катышкан дагы 2 шектүү кармалды

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган дагы эки киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Ушуну менен бул кылмыш ишине байланыштуу баш-аягы төрт киши колго түштү. Маалыматка караганда, 8-апрелде 26 жаштагы жаран Бишкекте, 30 жаштагы жаран Жалал-Абад облусунда кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланып жатканы кабарланды. Ага чейин 7-апрелде 29 жаштагы жаран, 8-апрелде 26 жаштагы жаран колго түшүп, шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам таң эрте жумушка бара жаткан жеринен күчтөп машинага салып кеткен. 7-апрелде кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Шаардык милиция 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач өзүнүн футболкасы менен кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.