Айзаданын өлүмү. Кылмыш болгон жерден тартылган сүрөттөрдүн тарашы боюнча текшерүү башталды

Ички иштер органдарынын ички иликтөө кызматы Айзада Канатбекова менен Замирбек Теңизбаевдин жансыз денесинин сүрөттөрүнүн таркатылышы боюнча иликтөөнү баштады. Бул тууралуу Сереп Медиага Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

«Жыйынтыгын кийинчерээк жарыялайбыз», — деп кошумчалады ал.

5-апрелде эртең менен Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Теңизбаев жана анын достору Айзаданы күчтөп унаага салып кетишкен. 7-апрелде кыз менен жигиттин жансыз денеси Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жигит кызды футболка менен муунтуп, андан соң курулуш бычагы менен өз жанын кыйган.

Бул коомчулукта катуу резонанс жаратып, 8-апрелде ИИМ жетекчилигинин отставкасын талап кылган митинг өттү. Ошол күнү кечке маал кылмыш болгон жерден тартылган сүрөт интернетке тарады. Премьер-министр Улукбек Марипов териштирүү бүтмөйүнчө, Айзаданын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айта албай турганын билдирди. Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын жарыялады. Башкы прокуратура Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.