Айзаданын өлүмү: Кылмышка шектүүлөрдүн бири окуяга кокусунан аралашып калганын айтты

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда маркум Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча соттук отурум өттү.

Аны ала качууга шектелгендердин бири Сыймык Молдосариев Нарындан Бишкекке кыздар менен жыныстык катнашта болуу үчүн келген. Бул тууралуу сотто мамлекеттик айыптоочу тергөөчүнүн айып кагазын окуп жатып айтты. Соттук отурумда Сыймык Молдосариев Нарындан Бишкекке бир күнгө келгенин айтып, бирок кыздар тууралуу кеп кылган жок. Ал жумуштары менен келгенин, шектүүлөр менен 5-апрелге караган түнү «Ош базары» жактан таанышканын билдирди. «Таңда жаанда жолдо калгам. Балдар менен ошондо таанышкам. Ага чейин эч кимиси менен байланышым жок болчу. Окуяга кокусунан кабылып калдым», — деди ал.

Буга чейин шектүүнүн эжеси SUPERTV‘га маек берип, анда ал инисинин бул иште күнөөсү жоктугун айткан эле.

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн соң, кыздын жана аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген жарандын жансыз денеси унаадан табылган.