Айзаданын өлүмү. Шектүүлөрдүн бири Замирбек Теңизбаевдин атын тергөө абагында отурганда билгенин айтат

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда маркум Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча соттук отурум өттү. Аны ала качууга шектелгендердин бири Рысбай уулу Ажикабыл такси кызматын көрсөтөрүн, 5-апрелде саат 04:00 чамасында оюн клубунун жанында болгонун айтты.

«Мен ал жерден Кубаныч, Орузбек, Замирбек (ред. Раманкулов) менен жолуктум. Жаан жаап жаткандыктан, Сыймык унаамды токтотуп, Нарынга кетерин айтып, вокзалга жеткирип коюумду суранды. Мен ага биз менен тамак ичип алышын сунуштагам», — деди ал. Ал мындан тышкары, алар отурган кафеге Замирбек Теңизбаевдин барганын, аны ошол жерде алгач көргөнүн билдирди.

«Нурумбетов Теңизбаев менен сүйлөшүүгө чыгып кетти. Ал учурда биз да тамак жеп бүткөн соң эшикке чыктык. Мен Теңизбаевдин атын тергөө абагында отурганда билдим. Ал бир гана Нурумбетов менен сүйлөшүп жатты. Теңизбаев мага 500 сом берип, Нурумбетовду үйүнө алып барышымды айтып, артыман айда деди. Мен Айзаданы уурдап жатканда көргөн жокмун. Анткени алыста тургам. Мен аны уурдап бара жатканын Ак-Өргөгө жеткенде билдим. Ошол жерден Замирбек Теңизбаев кыз менен көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн, эми Ошко кетерин айткан», — деди ал.

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн соң, кыздын жана аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген жарандын жансыз денеси унаадан табылган.